17-августа Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун администрациясынын аянтында Германиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан бул аймакта жашаган колу жука үй-бүлөлөргө жана турмуш шарты оор жарандарга күнүмдүк турмушка зарыл болчу тамак-аш азыктары таратылып берилди. Бул тууралуу «Мекеним Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин жетекчиси Давлет Арзыкулов билдирди.

Анын айтымында, кайрымдуулук жардамы учурдагы кырдаалды эске алуу менен бирикме элчиликке атайын кат жөнөтүшкөн. Соопчулук амалына кайдегер карабаган элчилик дароо кол сунуп, жалпы бир миллион сомго жакын акча каражатын беришкен.

«Базар-Коргондо турмуш шарты оор жалпы 770 адамга анын көпчүлүгү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, жакыр үй-бүлөлөрдүн ар бирине 1090 сомдук жардам баштыгы таратылды. Анын ичинде 10 кг ун, 5 макорон, 3 литр өсүмдүк майы ж.б. бар. Мындай кайрымдуулук жардамын элчилик дайыма уюштуруп келет», — деди Арзыкулов.