Бүгүн, 22-августка карата Кыргызстандын аймагында коронавирус жана пневмониянын кесепетинен адам өлүмү катталган жок. Бул маалыматты республикалык ыкчам штаб билдирди.
Акыркы сутка ичинде жаңы 186 бейтап катталган.
Алар:
- Бишкек шаарында 51 адам;
- Ош шаарында 3;
- Чүй облусунда 12;
- Ош облусунда 25;
- Талас облусунда 8;
- Ысык-Көл облусунда 35;
- Жалал-Абад облусунда 36;
- Баткен облусунда 16 адам.
Муну менен Кыргызстанда жалпы 42 889 адам коронавирус жана пневмония менен ооруган.