Эгер балдар критика менен жашаса, алар сындаганды үйрөнүшөт.
Эгер балдар душмандык сезим менен жашаса, алар мушташканды үйрөнөт.
Эгер балдар дайыма коркунуч менен жашаса, анда алар жашоодон коркуп калышат.
Эгер балдар аёо сезими менен жашаса, алар өзүн өмүр бою аяп жашашат.
Эгер балдар ар дайым шылдың алдында болсо, алар тартынчаак болуп калышат.
Эгер балдар кызганыч менен чоңойсо, алар көрө албас болуп эс тартышат.
Эгер балдарды ар дайым уяткара берсе, алар өзүн күнөөлүү сезип чоңоюшат.
Эгер балдар мээрим менен чоңойсо, алар кичинекей нерселерден да сүйүүнү тапканды үйрөнүшөт.
Эгер балдар сабырдуулукту талап кылган кырдаалдар менен жашаса, келечекте эрктүү болгонду үйрөнүшөт.
Эгер баланын оюу үй-бүлөдө маанилүү болсо, бала келечекте өзүнө болгон ишеним менен чоңоет.
Эгер баланы бөлүшүүгө үйрөтсө, бала берешен болуп өсөт.
Эгер баланы адилеттик жана тууралык курчап турса, алардын чындыкка жана акыйкатка болгон ишеними артат.
Эгер балдар коопсуздук менен жашаса ишенгенди үйрөнүшөт.
Эгер балдарды достук курчап турса, алар бул дүйнөдө жашоо кандай сонун экенин билишет.

«Мария Монтессори усулдары» китебинен

Которгон: Айнек Муратбекова