Россиядан атайын келген дарыгерлер Канттагы аскер базадан узатылды. Башкы штабдын маалыматы боюнча, Россиянын Коргоо министрлигинин дарыгерлери коронавирус менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган миссиясын 21-августта аякташкан. Ушул эле күнү учак менен учуп кетишти.

Пульмонолог, анестезиолог, терапевттерден турган топ (19 адам) 1 ай бою Бишкек жана Ош шаарларындагы аскердик госпиталдарда болушту.