Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда азыркы Баткен облусунун Лейлек районунда шахтёрдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 8 жашында томолой жетим калып, Хожент шаарындагы балдар үйүндө тарбияланган. Ташкенттеги мектеп-интернатта билим алып, 1925-1929-жылдары Ташкенттеги Өзбек Агартуу Институтунда окуган. Ал эми 1931-1936-жылдары Москвада билимин уланткан.
1950-1961-жылдары Кыргызстандын коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп эмгектенген.
Ал мекенинде 16 жыл бою жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп, өлкөнүн экономикасына жана маданиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

Исхак Раззаковдун учкул сөздөрү:
Бирөөнүн күчтүүлүгүнөн эмес, өзүңдүн чабалдыгыңдан корк.
***
Коом деген сени менен мен. Сен ак болсоң, мен ак болсом коом да таза болот!
***
Бүгүн бүткөрүүгө мүмкүн болбой турган ишти, эртең бүткөрүш үчүн аны дал бүгүн пландаштырып, бүгүн ойлонуу зарыл.
***
Ак иштеген адам акыры жамандык көрбөйт.
***
Бай жашоого болот, бирок өрнөктүү жашоо кыйын.
***
Калыс кызматкер болом десең кек сактаба, калыс бол.
***
Уйку таттуу, эмгек андан да ширин.
***
Мен эмне иштеп, эмне бүтүрдүм? Ким үчүн эмгек кылдым? Эл калыс…
***
Касташуудан кач, бирок адилдиктен тайба.
***
Өмүр өтөт, өлүм болсо татаал. Туулдуң-өлдүң. Өлбөй калуунун жолу барбы? Ал — эмгек. Эмгек гана адамды түбөлүк жашатат.
***
Ишти акыл менен иште. Эгерим сезимге жеңдирбе. Алданып каласың. Сезимди акылдын эркине баш ийдире алсаң, анда пайдаң арбын болот.
***
Эң оболу адаммын, андан соң жетекчимин, мен үчүн адамдык биринчи планда.
***
Манжалар биригип, муштумду түзөт.
***
Намыстуу болсоң, жеңишиң арбын болот.
***
Жалкоолор эки өлүшөт: уктай берип бир өлөт, жана чындап өлүшөт.
***
Бул дүйнөгө мен жылаңач бойдон келгем, ошол бойдон кетемин. Мага малдын да, толгон байлыктын да кереги жок. Элим үчүн эмгегим гана калса болду, ошого ыраазымын, ошол мага дөөлөт.

Даярдаган: Айнек Муратбекова