2020-жылдын 4-октябрына дайындалган парламентке шайлоолорду ѳткѳрүү күнү Шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы (КР БШК) менен участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) ортосунда маалыматтарды ыкчам алмашууну  жакшыртуу максатында БУУ Өнүктүрүү программасы БШКга 2550 планшет берди. Бул тууралуу БШКдан маалымдашты.

Техникалык жардам Япониянын ѳкмѳтүнүн колдоосунда ишке ашырылып жаткан «2020-2021-ж. Кыргызстандагы шайлоолорду колдоо»  боюнча ПРООНдун программасынын алкагында берилген.

Шайлоону даярдоонун жүрүшүндѳ, ошондой эле добуш берген күнү участкалык шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү планшеттердин жардамы менен талаш жана чыр-чатактуу кырдаалдардан качуу максатында процедуралык маселелер боюнча БШКга ыкчам кайрыла алышат.  УШК мүчѳлѳрү ошондой эле планшеттерге түшүрүлгѳн ченемдик укуктук актыларды жана жоболорду жетекчиликке алуу менен укуктук бузуулар жѳнүндѳ БШКга ыкчам маалымдай алышат.

Планшеттердеги жабдууларды пайдалануу жана шайлоочуларды идентификациялоо боюнча нускамаларга ылайык добуш берген күнү УШК мүчѳлѳрүнүн планшеттерди пайдалануусу шайлоолорду ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ ар кандай мүчүлүштѳрдү болтурбоого жарадам берет.

БШКнын тѳрагасы Н. Шайлдабекова белгилегендей, «Планшеттерди пайдалануу кыйла деңгээлде участкалык шайлоо комиссияларынын ишин жеңилдетип, БШК менен УШКнын ортосунда маалыматтарды алмашууну ыкчамдатары талашсыз. Мындан тышкары, пандемиядан улам участкалык шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү үчүн контактык окуу мүмкүнчүлүгү жок болгондугунан улам, УШКларды онлайн окутуу ѳткѳрүлүүдѳ.