«Акыркы үч жылдан бери жарыялап келаткан саясатым региондорду өнүктүрүү, өлкөнү туташ санариптештирүү, мына ошол милдеттеримди аткарууга багытталууда», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы Президент катары, мамлекеттин эгемендигин, бүтүндүгүн, эл биримдигин сактоо негизги милдети экенин белгиледи.

«Мугалим менен врачтын эмгегин кадырлоо, аларды өлкөдөгү айлык акысы жогору адистердин катарына кошуу, карапайым ишкерлерге шарт түзүү, карыларыбызга, балдарыбызга, муктаж болгон адамдарга кам көрүү, жашоонун бардык тармагында коррупцияны азайтуу — бул маселелерди чечүү менин негизги милдеттерим. Президенттик шайлоо алдында элге берген убадаларым да ушулар, негизинен», — деп баса белгиледи ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков кийинки келген парламенттин колдоосу мына ушул мамлекеттик багыттарды алдыга жылдыруу, элдин жашоосун жакшыртуу боюнча баштаган иштерин, реформаларды чогуу турмушка ашырууда керек экенин белгиледи.