Урматтуу Роза Исаковна!

Сизди 70 жылдык юбилейиңиз менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Курч акылыңыз, бекем эс тутумуңуз, ашып-ташыган энергияңыздан улам Сиздин 70ке чыкканыңызга ишениш кыйын.

Сиз менен мен эле эмес, бүткүл кыргызстандыктар сыймыктанат.

Советтер Союзунун убагында союздук жана эл аралык уюмдарда чоң кызматтарды ийгиликтүү аркаладыңыз. Ал эми эгемен Кыргызстандын калыптанышына жана бүгүнкү дүйнөдөгү татыктуу ордун ээлешине Тышкы иштер министри катары, Кыргыз Республикасынын ири өлкөлөрдөгү элчиси катары чоң салым коштуңуз.

Сиз үй-бүлөлүк авторитардык режимге каршы күрөшкөн революциялык кыймылдын жетекчилеринин бири болдуңуз.

2010-жылы Кыргызстанда ары тартсаң өгүз өлүп, бери тартсаң араба сына турган татаал кырдаалда Убактылуу Өкмөттү жетектеп, өлкөнү акылмандуулук, иш билгилик, сабырдуулук менен терең кризистен алып чыктыңыз.

Кыргызстанда саясий туруктуктуулукту, мыйзамдуулукту орноттуңуз. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгүдөй граждандык согушка, узакка созулган экономикалык-социалдык кризиске жол бербедиңиз. Мындай ийгиликтүү тажрыйба дүйнөдө аз.

Сиз өз өмүрүңүз, кылган иштериңиз менен аялдардын коомдогу жана үй-бүлөдөгү орду жөнүндө стереотипти Кыргызстанда эле эмес, Орто Азия регионунда өзгөрттүңүз.

Сиздин эл аралык авторитетиңиз зор жана талашсыз. БУУнун ж.б авторитеттүү эл аралык уюмдардын иш алкагында дүйнөнүн ар кандай региондорунда тынчтык орношуна, кедейчиликти жоюуда, аялдардын, балдардын укугун коргоодо, демократиянын орношуна өзүңүздүн бай тажрыйбаңызды ийгиликтүү колдонуп келе жатасыз.

Тилекке каршы, бүгүн Сиздин Кыргызстандын жана дүйнөлүк тарыхтагы ордуңуз биздин коомчулукта бааланбай келе жатат. Мен “Ата Мекендин” Курултайында 30-жылдары Кыргыз мамлекетин куруп, эл душманы аталып, репрессияланып кеткен адамдардын өз замандаштары тарабынан бааланбай калып, бүгүн биз баатыр катары сыймыктанып, сыйлап жүргөн адамдардын тагдырын жөн жерден айткан жокмун. Бүгүн да, тилекке каршы биздин соңку тарыхты кайра жазып, өз тар кызыкчылыгына пайдалангысы келген күчтөр бар.

Тарыхы жок, тамыры жок эл болбойт. Ар бир элдин сыймыктана турган тарыхый окуясы, тарыхый инсандары болуш керек. Ансыз келечек болбойт. Так ошондой сыймыктана турган, жаш муундарга үлгү болуп, келечекке үндөй турган, сыймыктанчу инсаныбыз Сиз.

Дагы бир жолу Сизге чың ден соолук, коомдук иштериңизге ийгиликтерди каалайм!

Өмүрбек Текебаев
«Ата Мекен» социалисттик партиясынын төрагасы