Кыргызстанда жаңы муундагы жаш активисттерди өстүрүүчү аянтча ачылат. Бул тууралуу өз баракчасында, “Биримдик” партиясын баштап бара жаткан Акылбек Жамангулов билдирди.

“Бүгүн, жаш лидерлер менен жай жолугушуу өткөрүп, жыйынтыгында жаш муундагы активисттердин өсүүсүнө аянтча түзүү чечимин кабыл алдык.

Бул жаштар, “Биримдик” партиясынын жаштар канатына тиешеси жок жана саясий кыймыл болуп эсептелинбейт. Формалдуу эмес жаш активисттер клубу, прогрессивдүү идеялар менен жашаган жаш муундун лидерлерин бириктирүүнү жана саясий тармакта, бизнесте, мамлекеттик кызматта социалдык лифт түзүп берүүнү пландайт.

Урматтуу кыргызстандыктар, коомду түйшөлткөн актуалдуу темаларды чогуу  талкууга алууга даярбыз. Биздин командага кошулууну каалагандар, жеке баракчага же комментарийлерге жазууңүздарды суранабыз, — деп жазат өзүнүн социалдык тармактагы фейсбук баракчасында Акылбек Жамангулов.