Белгилүү актер Аскат Сулайманов Индиянын тасмаларына тартыла баштады. Бул тууралуу актер соцтүйүндөгү баракчасына таянуу менен «Кадам Медиа» жазып чыкты.

Анын айтымында, индиялык тасмаларга алгачкы жолу тартылды.

«Индустардын киносуна тартылдым. Алардын сөзүнө уксаң атрыка матрыка дей беришет экен бири-бирин кандай түшүнөт билбейм. Индустардан айырмам деле жок калды»-деди актер.

Маалым болгондой, тасма жакынкы күндөрү эл назарына тартууланат.