Массалык нааразычылык акциялары 22-августта Луизиана штатындагы Лафайетт шаарында кара денелүү адам полиция тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин башталган. Жүздөгөн адамдар чогулуп жолду тосушту. Бул тууралуу америкалык ЖМКлар жазышты. Белгилүү болгондой, чогулгандар күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылышууда.


ABC каналы  билдиргендей, офицерлер чакан дүкөндө сатуучу менен кардарларды  бычак менен коркутуп жаткан адам жөнүндө билдирүү алгандан кийин келишкен. Кол салган 31 жаштагы Трэйфорд Пеллерин экени аныкталган. Ал качууга аракет кылган жана полиция  электро шокер колдонгон, бирок бул чара натыйжасыз болгон.

Theadvocate.com билдиргендей, кеминде 10 жолу ок атылганы угулган. Гезиттин маалыматына ылайык, саат 18:45 чамасында нааразычылык акциясына чыккандардын саны 150 адамга чейин жетип, Евангелин Трювэй жана Песня көчөлөрүнүн кесилиши тосулган.