Бүгүн, 24-августта күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында кыска мөөнөттүү жаан жаашы мүмкүн. Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, деп маалымдайт Кыргызгидромет. Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +31…+36
Талас облусунда +29…+34
Баткен облусунда +32…+37
Ош, Жалал-Абад облустарында +32…+37
Ысык-Көл облусунда +24…+29
Нарын облусунда+25…+30
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын күндүзгү температурасы +34…+36 градус болот.
Чолпон-Ата шаарында жаан жаабайт. Абанын күндүзгү температурасы +24…+26 градус болот.