Кыргызстанда 24-августан баштап 10-сентябрга чейин мейкатон иш-чарасы өтөт

Мейкатон – бул жаштардын биргеликте креативдүү ой жугүгүртүү менен социалдык маселелерди инновациялык жол менен чечүүгө аракет кылган иш чара.

Бул иш-чараны Борбордук Азиядагы дебат билим берүү ассоциациясы, USAID программасынын колдоосу менен ишке ашырылып жатат.

Иш-чарада, региондордогу жаштар 14 күн бою кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга карабай өз аймактарындагы маселелерди чыгармачылык көз караш менен карап, жаңы идеяларды таап, маселелерди чечүү жолун издешип, аймактардын өнүгүүсүнө салым кошууга аракет кылышат.
Иш-чарага Нарын облусунан Нарын шаары, Кочкор, Кош-Дөбө, Кум-Дөбө, Сузак районунун Барпы, Кара-Алма, Көгарт, Көк-Жаңгак, Базар-Коргон районунун Арстанбап, Акман, Бешик-Жон, Сейдикум айылдарынын жаштары катышат.

Мейкатон 14 күн боюн онлайн форматында өтөт, аны баардык каалочулар ideaca.today сайтына кирип онлайн көрө алышат.