Тагдыр ар ар адамды такшалтып, сыноосуз калтырбайт тура мен дагы башымдан өткөн күндөрүмдү баяндап берейин. Сөз башынан болсун. Мен 2008-жылы турмушка чыктым. Күйөөмдүн чоң атасы, чоң энесинин колунда чоңойдум. Анан чоң атасы менин көзүмдүн тирүүсүндө үйлөнүп кал дегенинен 19 жашыбызда эле баш кошуп, жашоонун даңгыр жолуна аттандык. Кудайга шүгүр 10 жыл чогуу бирге жашадык. Бул убакыт ичинде азыркыга салыштырмалуу жакшы эле күндөр өттү. Эл катары үйүбүз бүтүп, ички жасалгасы калганда жолдошум киши колдуу болуп каза болуп калды. Москвада белгисиз адамдар өлтүрүп кетишти.

Аз жашасада достору жакындарыбыз жардам берип жүрүп өзүм дагы аракет кылып үйүмдү бүтүрдүм. Жолдошумдун жылдыгын өткөрдүк анан мен балдарым менен күйөөмдүн чоң энесин ( чон кайненем) алып бөлүнүп чыгып кеттим. Ага чейин кайненем менен чоң кайненем урушуп кетип «сен ооруп журуп баламдын башын жедиң» дептир. Анан эле чоң кайненем «сени менен кетем» деп мени менен кошулуп кетти менин үйүмдө. Мен базарда иштейм бүт баарын үйлөрдү бүтүрдүм.

Мени ойлондурган нерсе дагы Москвага барып иштеп келип очок, навес дегендерди бүтүрүп алсамбы деп пландап жүрөм. Же балдарым менен кемпирди карап иштей берсемби билбей атам. Балдарымы, энемди карап, баары мага таянып калды деп боорум ооруп аларды таштай албай турамын. Үйдөгүлөр болсо күйөөгө тийишиң керек ооруп каласың деп айтып жатышат. Бирок кантип мен балдарымды энемди таштап тийем. Энем болсо басса турса мага бата кылып турат аябай жакшы адам байкушдун кызыда жок. Бар болгула айымдар биз күчтүбүз. Ошол кемпирди карап батасын алып балдарымды карап отура берейинби же Москвага барып иштеп келип короо жайымды иреттесемби?