Эстрада ырчысы Турдакун Ниязалиевден кимдир бирөө ири суммада карызга акча алып, бирок аны бербей жүргөнүн айтып, кайрылуу жолдоду. Анда ырчы акча үчүн адамдар ар намысын сатып жатканын белгилеген.


«Биз мусулмандар кыбылага карап түздөнөбүз. Ал эми азыр көпчүлүк мал-дүйнөгө карап, кээ бири мансапка карап, кээси аялына карап түздөнүп калыптыр. Бүгүн сөз акча жөнүндө болсун. Акча үчүн ар намысын саткан азаматтар көбөйдү. Аларды азамат деш өзү туура эмес. Маселе, шайлоо жөнүндө болгон жок. Маселе мени менен иш кылам деп, мени алдап келе жаткан бир дүнүйө парас жөнүндө сөз болуп жатат. Мага бере турган карызыңды бербей, качанкыга чейин качып жүрөөр экенсиң же сага өз көлөкөсүнөн корккон коёндой болуп, көчөдө эркин жүрө албай, менден качып жүргөн жагабы?! «Кайсы бурчтан чыга калат экен» — деп, дайыма стрессте болсоң керек. Тепкениң чоң машине, жашаганың элитка, малың, жериң деги толтура. Сенде жок болсо, жок болуп жатат «байкуш» дейт элем. Мен сенин ордуңда болсом, акыркы акчамды берсем дагы, карыздан кутулуп, эркин куштай эркин учмакмын. Дүнүйө сени алдап жатат. Напсиңдин кулу болуп алыпсың. Ай бактысыз ай!!! Напсиңе алданбаааа, напсиңе алданбаааа! Аны сен башкарбасаң, ал сени башкарып, сени бактысыз кылат. Тааныш, тууган, досторуңдун арасында сени урматсыз кылат.
Напсиңе алданбааа, напсиңе алданбааа!»,-деп жазат ырчы.