АКШда бир жаш келин кош бойлуу кезинде, жан чыдаткыс оорууну сезип, күбөлөрдөн алыс таштандыга барып төрөйт. Жаш эне эч кандай эмоцияга алдырбай, жаңы төрөлгөн ымыркайды таштандыга калтырып, артка бурулбай кетип калат. Ал ымыркай, учурда атагы ааламга тарган уникалдуу адам — Фредди Фиггер болгон.

Бактыга жараша, ымыркайды таштанды полигонун кызматкерлери таап, балдар үйүнө өткөрүп беришет. Ал жерден эки айдан кийин ден-соолугу чың баланы жакшы бир үй-бүлө багып алышат.

Бала сүйүү жана камкордук менен чоңойгон. Ал жаш кезинен эле математика жана программалоо жагынан укмуштай жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн. 12 жашында компьютерди оңдой байштайт. 15 жашында ал Альцгеймерден жапа чеккен атасына, GPS бут кийимин ойлоп тапкан. Кийинчерээк бул ойлоп табуусун сатуу менен , 2 миллион доллардан ашык каражат алган.

Бир нече жылдан кийин Фиггерс өзүнүн коммуникациялык корпорациясын ачып, анын башчысы болуп калды. Анын акыркы эмегегинин бири — айдоочулардын коопсуздугун сактап турган смартфондор. Бул түзмөктөрдө ээси саатына 16 км ылдамдыкта жүрсө, кабарлашуу функциясы бөгөттөлөт.

Бүгүнкү күнү эксперттер Фредди Фиггердин байлыгын 70 миллион долларга чукул деп баалап жатышат. Жаш генийдин уникалдуу өнүгүүлөрүнүн саны жүзгө жакындап калды. Ошондой эле ал табигый кырсыктардан жапа чеккендерге жардам берүү үчүн өзүнүн кайрымдуулук фондун негиздеген.