Кечөө күнү, WhatsApp мессенджеринде жана башка социалдык тармактарда түнкү маалда учактар менен белгисиз дары-дармектерди себип, андан балдар ооруй тургандыгы жөнүндө чындыкка дал келбеген жалган маалыматтарды камтыган аудиожазуу тарап баштаган. Бул багытта ИИМ тиешелүү ыкчам-иш-аракеттерди жүргүзүүдө.

ИИМ эскертет, кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренесине (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган маалымат таратуу) ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 кызматы аркылуу маалымдап коюңуздарды билдирет. Кыргыз Республикасынын Мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.