Жакшы аял болуп төрөлбөйт, жакшы аял болуп калыптанат. Күйөңүзгө болгон сүйүү жана терең ойлонуу сизге ага кандай мамиле кылыш керектигин сизге көрсөтүп берет. Ага карабастан төмөнкү кеңештерди унутпаңыз:

1.Лидер болгонго уруксаат бериңиз

Эгерде сиз ага караганда жүз эссе машинаны жакшы айдап, мыкты түзүрөөк каксаңыз дагы  сиз күйөңүздүн сиздин жупта лидер экенин мойнуңузга алыңыз.

2.Даамдуу тамак жасап бериңиз
Ага жаккан он чакты  тамакты кезек кезеги менен жасап берип туруңуз, дем алыш же болбосо майрам кундөрү өзгөчө тамак жасап берсеңиз эң мыкты болот.

3.Жакындык тууралуу унутпаңыз

Көп учурда күнүмдүк турмуштун артынан жүрүп бири бириңиздерге көңүл көп бурулбай калат,ушуга жол бербестен  ага смс билдирүү жазып,эркелетип көңүл буруп туруңуз.

4.Сырткы  келбетиңизге кам көрүңүз.

Үй бүлөөлүк жашоо өзүңүздү такыр карабай койгонго шылтоо эмес. Дайыма жакшы кийинип жүрүңүз,чачыңызга жана тырмактарыңызга дайыма кам көрүп туруңуз.

5.Элдин көзүнчө ызы чуу салбаңыз

Бул нерсе биринчи кезекте сизди жаман көрсөтөт. Экинчиден кандай гана жиниңиз келбесин үйгө келгенче чыдаңыз. Үйгө келген маалда да кыйкырып беттен албай,жай сүлөп баарын түшундүрүүгө жана анын түшүндүрүп берүүсүн талап кылыңыз.

6.Досторунун көзүнчө аны сындабаңыз

Эч качан күйөнуздү бирөөнүн көзүнчө сындабаңыз. Эгерде ал бир нерсени туура эмес кылып жаткан мезгилде да акырын айтып койгонуңуз туура болот. Досторунун көзүнчө аны сындасаңыз, анын досторунун алдында болгон аброюуна шек келтиресиз, жана ыңгайсыз абалда калтырасыз.

7.Аны дайыма мактап колдоп туруңуз

Аял киши  эркек кишиден дайыма талап кылып басынткандын ордуна, ага дайыма дем күч берип жаңы кадамдарды жасоого, ийгиликтерди багынтууга шыктантып турушу керек. Анын ар бир идеясын угуп жакшы кеңештерди берип колдоп туруңуз.

Булак: oilon.kg