Франциянын ПСЖ клубунун чабуулчусу Неймар Твиттерде “Бавариянын” ордуна Германиянын “Байерин” Чемпиондор Лигасындагы жеңиши менен куттуктап, социалдык тармакта колдонуучулардын шылдыңына калды.


Неймар ПСЖ турнирдин финалына чейин күрөшкөнүнө карабастан, жеңилүү спорттун бир бөлүгү экендигин жазган. Андан кийин футболчу Байерди куттуктап, латын алфавитиндеги «Бавариянын» атына «n» тамгасын кошууну унуттуп кеткен.

Байердин пресс-кызматы ага  тамашалап жооп беришти.

 «Рахмат! Бизди эмне үчүн куттуктаганыңызды билбейбиз, анткени биз каникулда видео оюндарын ойноп жатабыз, бирок рахмат », — деп жазышкан.

Ал эми интернет колдонуучулар,  «Ошол кезде ал ыйлап жаткан, ошондуктан башка клуб жазган» деп жооп беришкен.


Эске салсак, 23-августта Чемпиондар Лигасынын финалында Бавария ПСЖны 1-0 эсебинде утуп алды. Жалгыз голду 59-мүнөттө француз чабуулчусу Кингсли Коман киргизди. Бавария тарыхта алтынчы жолу Чемпиондор Лигасынын Кубогун жеңип алды. ПСЖ мелдештин финалында биринчи жолу ойноду.