Чукоткада аюу деңиз аңчыларынын тобуна кол салып, алардын бири  оор абалда ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу РИА Новости  билдирди.


Маалыматта айтылгандай, Энурмино айылынын бир нече тургундары деңиздин жээгинде колго түшүрүлгөн моржду бөлүп жатышкан. Алардын артынан эки аюу келишкен. Бир аюу элден алыстап кетип, экинчиси кол салган. Топтолгондор эки тарапка чачырап качышкан, бирок жырткыч алардын бирин кармап алган. Натыйжада жаныбарга ок атылып, жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Жергиликтүү дарыгерлер бейтаптын абалы туруктуу экенин айтышкан.