«Таза коом», «Адам демократ», «Бүткүл жаштар саясий партиясы» шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, Борбордук шайлоо комиссиясына аталган үч партиядан шайлоого катышпоо боюнча кат келип түшкөн. Бүгүнкү отурумда БШК алардын арызын карап чыгып, канааттандырды. Бүгүн партиялар бардык документтерин тапшырышы керек.

Өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Үгүт иштери 4-сентябрдан 3-октябрга чейин болот. Эксперттердин айтымында шайлоого 11 партиянын катышуусунда болот.