Вотцап мессенжеринде  учак менен дары чачыла турганын билдирген маалыматтар таратылууда. Ал маалыматта чачылган дарыдан улам жаш балдар жабыркайт деп айтылган.

Бул жаатында КР Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбай Түлөбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу элге кайрылуу жасап, анда айтылгандар жалган маалымат экенин, элди дүрбөткөндөр жоопко тартыларын билдирди.

“Калайык!

Жалган маалымат таратылууда. Ишенбеңиздер. Самолет менен дары чачып балдарды оорутат экен деген. Ушу кантип болсун. Отуруп алып эле ар кайсыны таратып элди дүрбөлөңгө салгандар бар арабызда. Айла жок баш чайкайсың да.

Кудай баарыбызга ден соолук, ынтымак, жакшылык берсин”, — деп жазылган.