Бүгүн 24-августта Кара-Суу районуна жаштар тез жардам унаасын белекке беришти. Бул тууралуу, аталган райондун мамлекеттик администрациясы билдирди.
“Бүгүн Кара-Суу районунун аймагында 1983-жылы туулган жаштар райондук аймактык ооруканасына жана райондук үй-бүлөлүк медицина борборуна тез жардам унааларын белекке беришти. Урматтуу жаштар кайрымдуулук ишиңиздерди жараткан кабыл кылсын”,- деп айтылат билдирүүдө.