Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдирди.

«Бүгүнкү күнү биздин мамлекетке пайда алып келгим келет. Мындан улам министрлик кызматтан кетип, Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо өз талапкерлигимди көрсөтүүнү чечтим», — деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Улукбек Кочкоров Демократиялык социализм принциптерине негизделген “Биримдик” партиясы менен шайлоого бараарын айткан.