Билим берүү жана илим министрлиги университет жана колледж окутуучулары үчүн электрондук билим берүү платформалары (дисциплиналардын өзгөчөлүктөрүн, адистиктерди эске алуу менен оптималдуу платформаны тандоо, аралыктан окутууда интерактивдүү технологияларды колдонууну) менен иштөөгө багытталган вебинарлар сериясы башталганын кабарлайт.

Вебинарлар 20-августта башталган жана 28-августка чейин Zoom платформасында өтөт.

Онлайн окутууга төмөнкү жадыбал боюнча катышууга болот:

24-август, саат 14:00

Тема – Силлабусту түзүү. Окутуучу менен студентке багытталган силлабус бири-биринен эмнеси менен айырмаланат. Суллабусту кантип окумдуу кылса болот.

Лектор – Ангелина Попова, PhD, Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуу, технология борборунун директору

Тили – орус

Вебинарга катышуу шилтемеси: https://us04web.zoom.us/j/71803424262

25август, саат 14:00

Тема – Онлайн окутуудагы академиялык жоопкерчилик.

Лектор – Дүйшөн Шаматов, Назарбаев университетинин профессору.

Тили – кыргыз/орус

Вебинарга катышуу шилтемеси: https://us02web.zoom.us/j/85080730243

Бул вебинарга студенттер да катышса болот.

25-август, саат 16:00

Тема – Moodle менен иштөө. 

Лектор – Майя Шаршеева, Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуу, технология борборунун электрондук билим берүү боюнча жетектөөчү адиси.

Тили – орус

Вебинарга катышуу шилтемеси: https://us02web.zoom.us/j/85771202657

26август, саат 14:00

Тема – Интерактивдүү ZOOM. Синхрондуу видео сессия учурунда топтук ишти натыйжалуу уюштуруунун мисалдары.

Лектор – Ангелина Попова, PhD, Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуу, технология борборунун директору

Тили – орус

Вебинарга катышуу шилтемеси: https://us02web.zoom.us/j/88117481755   

27август, саат 14:00

Тема – Окутуунун активдүү методдору.

Лектор – Ангелина Попова PhD, Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуу, технология борборунун директору

Тили – орус

Вебинарга катышуу шилтемесиhttps://us02web.zoom.us/j/84568683250

28-август, саат 14:00

Тема – Онлайн октууда Google Classroom платформасын колдонуу.

Лектор – Капаров Нурдин, PhD, Эл аралык “Ала-Тоо” университетинин менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу

Тили – кыргыз

Вебинарга катышуу шилтемесиhttps://us02web.zoom.us/j/81557700519

Бул вебинарга студенттер да катышса болот.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы