Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев эртең, 25-августта расмий иш сапары менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Иш сапар учурунда Азирети Муфтий Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунун жана Ош шаарынын дин кызматкерлери менен жолугушуп, буга чейинки аткарылган иштер менен таанышмакчы. Муну менен катар Азирети Муфтий Ош облустук  казыятынын карамагындагы медреселерде ачылган күндүзгү стационар менен жеринде таанышат.

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ош облусуна жасаган иш сапары учурунда:

— Коронавирус (COVID-19) илдетинин алдын алууда мечиттердин, диний окуу жайлардын жана намазканалардын санитардык сактык чараларынын толук сакталышы

-Имамдардын жана диний окуу жайлардын кызматкерлеринин жоопкерчилиги   

-Нике каттоо журналынын ишке ашуусу

-Үй-бүлө институтун бекемдөө жана үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу, талак маселеси   

-Дин кызматкерлеринин жоопкерчилигин күчөтүү

-Улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөө

-Дин кызматкерлеринин ысырапкорчулуктун алдын алуудагы аракеттери

-Жаштардын билими жана аларды ар кандай терс диний агымдардан оолак кылуу боюнча аткарылган иштердин отчётун угуп, көйгөйлүү маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү облус жана шаар казыларына, райондук хатибдерге жана имамдарга тапшырат.