Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-августта премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, тышкы чек аралардын ачылышы, күз-кыш мезгилине жана жаңы окуу жылына даярдыктар жөнүндө маселелер талкууланды.

Өкмөт башчысы карантиндик чараларды бара-бара алып салууга карата көрүлүп жаткан даярдыктар, транспорттук байланыштарды паритеттик негизде жандандыруу боюнча чет мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө маалымат берген.

Премьер-министрдин берген маалыматына ылайык, өлкө аэропорттору күнү-түнү жүргүнчүлөрдү санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен тейлөөгө даяр, аларда бардык керектүү шаймандар орнотулуп, тийиштүү алгоритмдер иштелип чыккан.

Ошондой эле ал башка кызматтар менен өз ара иштешүү үчүн салмак-көлөмдүк көзөмөлдөө санарип системасынын жөнгө салынып жатканын билдирген.

Сооронбай Жээнбеков чек араларды ачууда чет өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу керектигин, айрым жерлерде пандемия токтобой жатканын баса белгилеген. Ал өлкө аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын жакшырганына карабастан, Кыргызстандын жарандарын жеке тартипти жана бардык санитардык ченемдерди сактоо тууралуу маалымдоо ишин улантууга чакырган.

Мамлекет башчысы аймактарга иш сапарларынын жыйынтыгында финансы институттарынын, анын ичинде Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондун продукцияларын экспортко багыттаган ишканаларга жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча ишин канааттануу менен белгилеген.

“Санарип аймак” долбоорун жана “Түндүк” мекемелер аралык өз ара аракеттешүү электрондук системасына мамлекеттик органдарды интеграциялоо долбоорлорун ишке ашыруу үчүн көзөмөлдү күчөтүүгө көңүл бурган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөттү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизиндеги долбоорлор боюнча ишти активдештирүүгө чакырып, күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды өз убагында көрүү, аймактардагы  авариялык ооруканалардын жана мектептердин ремонтун тезинен бүтүрүүнүн маанисин дагы бир ирет баса белгилеген.