Акыркы жылдары коомчулукка белгилуу болгон коуч, бизнесмен мультимиллионер Тимур Файзиевдин «Elite House» аттуу курулуш компаниясынын алгач пиар-директору, андан сон башкы директорунун орун басары болгон Айжанат Абдыразакова «Замандаш» саясий партиясынын тизмесинен орун тапты.

Тимур Файзиев көптөгөн мамлекеттик деңгээлдеги долбоорлорду ишке ашырып келет, өзүнүн аудиториясы бар, инстаграм баракчасында күйөрмандары андан көп, ар тараптуу колдоосу бар деп билинет.

Бирок негедир саясаттан алыс экендигин баса белгилеп келет да, ага карабастан башкы директорунун орун басарын талапкер кылат.

Айжанат Абдыразакова — медиа-эксперт, “Билерик” гендердик толеранттуулук фондунун негиздөөчүсү, «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын» жакшы ниет элчиси, «Спринг» пиар агенттигинин директору катары да белгилүү.

Аялдарга карата зомбулук тууралуу ыкчам маалымат берген электрондук билериктерди иштеп чыккан долбоордун автору.