Ырчы Дайыр Исмадияров дин аалымы, маркум Чубак ажы Жалилов менен болгон баарлашуусун күйөрмандарына бөлүштү.

Анда тасмада Чубак ажы адам позитив менен жашаш керек деп айткан. Ырчы дагы дин аалымын эскерип, төмөнкүдөй билдирүү калтырды.

«Бир кездери мындан 3-4 жыл мурун аэропортто 6 саат кармалып баарлашкан элек, мына ошондо айткан сөзүн сиздерге да эстетким келди. «Кыргызстан позитивдүүлөрдүн өлкөсү». Кандай учур болбосун ар дайым жылмайып жүрөлү…»-деп жазат ырчы

https://www.instagram.com/p/CERkGdKjhA6/?igshid=xk0w2mvvfn4j