Актриса жана теле алып баруучу Назира Бердигулова ушул убака чейин ырчы Гүлзат Байзакова Эмгек сиңирген наам ала электигине тынчызданып, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылды.

«Эми өнөр адамдарын кадырлап коюш үчүн сөзсүз эле өлүп калыш керекпи? Кечээ ырчы Гүлзат Байзакова Максат Анарбек Ютуб каналына маек куруп жатып, азыркы күнгө чейин КРнын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарыла электигин билдирди. Ал наам алыш үчүн эл катары документтерди дагы тапшырган. Чындыгында ырчы айымдын уулдары менен теңдүүлөр наам алып коюшкан. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго кайрылат элем. Мына ушундай инсандар көп бизди. Колуңуздан келип турганда, улуулардын да батасын алууну унутпаңыз. Кеңешчилериңизден сурасаңыз досторун көрсөтүшү мүмкүн. Бирок чыныгы талант ээлерин унутпаңыз. Байзакова: «4 жылдан кийин 60 жашка чыгат экем. Ошондо эле наам болуп калбаса… Бизден улуулар деле ала албай жүрөт. Мезгилинде Токтогул атабыз деле наамы жок өтүп кетпедиби”,- дейт Бердигулова.