Күздө өтө турган парламенттик шайлоого депутат болом деп талапкерлигин койгон спортчулар, ырчылар бул жолу абдан эле көп болду. Алар кайсы окуу жайды бүтүп, буга чейин эмне жумуш кылганы баарыбызга эле кызык болсо керек. Эмесе тизмектеп көрөлү.

Абдурахман Муртазалиев («Република» партиясынан) 26 жашта. Грэппелинг боюнча дүйнө чемпиону. Джиу-джитсу федерациянын президенти. Экономика боюнча адистиги боюнча жогорку билими бар.

Айжан Мырсалиева («Реформа» партиясынан) активистка жана актриса. Ж.Баласагын атындагы КУУнун ИИМОП

Эрулан Кокулов («Реформа» партяисынан) журналист жана блогер. КУУнун экономика факультетин бүтүргөн. «Не сахар» телеберүүсүнүн алып баруучусу.

Эркин Нурбаев (Реформа) партиясынан алып баруучу жана актер. Кыргыз-Түрк Манас университетин бүтүргөн.

Чынара Капарова («Бир бол») партиясынан 44 жашта. Диктор жана окутуучу. Ж.Баласагын атындагы КУУнун Журналистка факульетинин декандын орун басары. Ушул окуу жайды бүтүргөн.

Элнура Алканова («Мекеним Кыргызстан») изилдөөчү журналист. АКШнын мамлекеттик департаментинин Edward R.Murrow IVLP 2016 бүтүргөн.

Урмат Усенов («Мекеним Кыргызстан» партиясы) Ырчы, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары.


Азият Жекшеев («Реформа» партяисынан) журналист жана алып баруучу. Каракол шаарындагы КМЮА бүтүргөн. «Тв Кайгуул» көрсөтүүсүнүн алып баруучусу.


Чолпон Абдрахманова («Реформа») маркетолог АГУПКР жана Москвада жогорку окуу жайын бүтүргөн.