Түштүк Суданда жүк ташуучу Ан-26 учагы кыйрап, тажикстандык эки учкуч каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Тажикстан ИИМине шилтеме берүү менен билдиришкенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Окуя 22-августта болгон. South West Aviation авиакомпаниясына таандык бортунда Парвиз Кадыров менен Мирсултон Мирахмедов учкучтар болгон учак, Жуба аэропортунан учуп чыккандан бир нече мүнөт өткөн соң кулаган.

Маалыматка караганда, Кадыров экинчи учкуч болуп иштөө үчүн Түштүк Суданга бир апта мурун учуп кеткен. Анын агасы Хуршед инисинин сөөгүн мекенине жеткирүү өтүнүчү менен министрликке кайрылды. Экинчи учкуч Мирсултон Мирахмедовдун орус жарандыгы бар.

Синьхуа агенттиги учак кырсыгынан 17 киши, анын ичинде экипаждын эки мүчөсү өлгөнүн жазды. Күбөлөр куткаруучулар учактан бир кишини тирүү алып чыгып, ооруканага жетиргенин кабарлашты. Кырсыктын себептери аныктала элек.