«Реформа» саясий партиясынын төрайымы Клара Сооронкулова 25-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаевге ачык кайрылуу жолдоду.

Анда Кылмыш-процессуалдык кодексинин 153-беренесинин 8-бөлүмүнө ылайык, 24-августта «Кыргызстан» партиясын каттоого байланышкан чыр боюнча сотко чейинки териштирүү иштерин баштоого, БШКнын мыйзамсыз кадамга барган кызматкерлери менен мүчөлөрүн аныктоону суранды.

Кайрылууда алдыдагы парламенттик шайлоого катыша турган бардык партияларга да бурмалоого жана документтерди оңдоого чогуу каршы турууга чакырык ташталган.

24-августта «Кыргызстан» саясий париясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документ кабыл алуунун мөөнөтүнө байланыштуу чыр чыккан эле.