Нарын облусунда жаңы окуу жылында 6000 окуучу биринчи класска барат. Балдар бардык коопсуздук эрежелерин сактоо менен кадимки режимде мектепте окушат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

1-класстын окуучуларын ыңгайлуу беткап менен камсыздоо максатында «Теңир Тоо» өнүктүрүү фондунан 100 миң сом бөлүнүп берилип, Нарын шаарындагы М.Мырзабеков атындагы №87 кесиптик лицейинин базасында жеке ишкер тарабынан беткаптар тигиле баштады. Тигилген 6000 даана беткап окуучуларга акысыз таратылып берилет.

Бул ишке 25 тигүүчү тартылып, өндүрүлгөн продукция атайын келишимдин негизинде Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун уруксаты менен дем алдыруучу материалдан көп жолу колдонууга ылайыкталып тигилүүдө.