Мен турмушка чыкканыма бир жарым жыл болду. Турмушка чыккандан кийин, жолдошум бир айдан кийин Москвага кетип калган кайра 4 айдан кийин кайтып келгенди. Бирок, мурдакыдай сүйүү жок болчу арабызда. Кайын журтум мени аябай жакшы көрүшөт. Көзүмдү карап турушат. Бир жылдан кийин боюмда болду.

Азыр беш айлык жолдошум мамлекеттик жумушта иштейт ошондуктан ар жерге көчүп жашайбыз. Көп командировкага кетет кээде мен командировкага кеттим деп Бишкекте жашап келген убакыттары болгон. Мен жолдошумду аябай сүйөт болчум, алыска кетсе биздин келечек үчүн иштеп жүрөт дечү элем.

Бирок кечээ жакында бир сөзүн уканда көңүлүм муздап баштады. Бир жума мурун катуу ооруп калды температурасы 40 тан түшпөй. Анан мени карап мен сага татыктуу эмесмин мен сени сүйбөйт болчум ошого сени апамдардыкына жөнөтүп өзүм бул жакта калып алдайт болчум. Ичет элем анан кыздарга барат элем деп айтты. А мен болсо ошол убакытта кайната кайненемдерге кызмат кылып кыйналат элем. Бирок мага такыр жазып сурабайт да болчу ошентсе да жакшы көрөт элем.

Эми мага кыянат кылганын билгенден кийин көргүм да жашагым да келбей калды. Артымды карабай кетмекмин эгер боюмда болбогондо. Эмне кылышты билбей жатам кетип калсам балам атасыз чоңоёт. Чыдап жашасам өмүр бою шекшип, ишенбөөчүлүк менен жашайм балким дагы кайталанат деп. Жолдошум жалбарып кечирим сурап жатат. Кенеш бериниздерчи????