Ырчы Назира Токонованын чыгармачылгын анын кайын журту, үй-бүлөсу колдой турганын билдирди. Жада калса комузун кайнатасы менен кайненеси сатып берген. Мындай алтын ата-энемди бриллиантка салыштырам дейт ырчы.

«Көптөрү сурап келишет: «кайын журтун чыгармачылыгынды түшүнүшөбү❓Ырдаганыңа каршы болушпайбы❓»-деп . Ушул колумдагы комузду атам менен апам, мен келин болуп келген жылы, жаңы жыл майрамында мага белекке алып беришкен. Колдоп, кубаттап, түшүнүп келишет. Андан бери бул комузум менен далай жакшылыктарда, сахналарда ырдадым

Негизи айтып коюшат го аялдык бакыттын тен жарымы жолдошунда болсо тен жарымы кайын-журт менен болгон мамиледе деп. Анын сыңарындай дал ушундай бакыттан Кудайым мени кем койбоптур . Атам менен Апамды «Алтын» десем аздык кылат , мен экөөнү «Бриллиант «деп билем. Анан да мага токкон мээримдери, кылган жылуу мамилелеричи…ар дайым жүрөгүмдө… Кудайыма миң мертебе шүгүр келтирем»,-деди Назира Токонова.