Буга чейин теле алып баруучу жана актриса Назира Бердигулова ырчы Гүлзат Байзакованын жашы 60 га таяп калса дагы Эмгек сиңирген наам ала электигин айтып чыккан.

Анда Бердугулова буларга токтолгон. «Гүлзат Байзакова Максат Анарбек Ютуб каналына маек куруп жатып, азыркы күнгө чейин КРнын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарыла электигин билдирди. Ал наам алыш үчүн эл катары документтерди дагы тапшырган. Чындыгында ырчы айымдын уулдары менен теңдүүлөр наам алып коюшкан«,-деди Бердигулова.

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлигине бул маселе боюнча кайрылганыбызда телефонду көтөргөн кадрлар тактап жатабыз дешти. Кийин бир нече жолу кайрылганыбызда телефонго жооп беришкен жок.