Акыркы убактарда кайрымдуулук иштери менен алек болгон Эрнис Бөрүбаев Канат аттуу эки буту иштен чыккан жаш жигитти темир тулпарлуу кылды. Бул тууралуу Бөрүбаев соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Канат инибиз темир тулпарлуу болду. Жардам колун сунган бир туугандарга Алла ыраазы болсун»,-деди ал.

Буга чейин Канаттын жашоосун Бөрүбаев видеого тартып, коомчулуктан жардам сурап кайрылган. Эки буту жок болгондуктан протездин жардамы менен гана баса алат. Жалгыз тургандыктан батирде күн кечирип жардамга муктаждыгы айтылган.