«COVID-19 пандемиясы бул бир гана мамлекеттин эмес, бүтүн дүйнө жүзүнө жайылган маселе болду. Ошондуктан бардык мамлекеттер өз пландарына кескин өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аргасыз болууда», — деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, Өкмөт дагы өткөн жумада 2 чоң мамлекеттик деңгээлдеги документти кабыл алды:

1) 2020-жылга социалдык стабилдүүлүктү, экономиканын туруктуулугун камсыздоо жана калктын кирешелерин колдоо боюнча Өкмөттүн иш-аракеттер планын;

2) 2020/2021-жылдын күз-кыш мезгилинде COVID-19 коронавирус пандемиясынын мүмкүн болуучу экинчи толкунуна даярдык боюнча иш-чаралар планын кабыл алдык.

«Өкмөттүн Пландарында белгиленген иштер 2020-жылдын аягына чейин аткарылат»,- деп кошумчалады К. Боронов.