«2020-жылдын 1-декабрына чейин 10 мектепте «Келечектин мектеби» модели ишке кирет. Дүйнөлүк банктын “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында, республика боюнча 1200 мектепти компьютердик техника менен камсыздоо пландаштырылган», — деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, мектептерди сапаттуу жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоо багытындагы иштер улантылып жатат.

«Өлкө боюнча 2292 мектептин 99%ы интернетке туташтырылган. 14-августта Өкмөттүн жыйында интернет тартууга техникалык мүмкүнчүлүк жок болгон 9 мектепти интернетке кошуу боюнча иштер аткарылып жатат.
«Санарип Кыргызстан» программасынын «Акылдуу мектеп» компонентинин алкагында электрондук күндөлүк, электрондук китепкана, электрондук мугалим, электрондук окутуу багытында иштер жүрүүдө. Ошондой эле, Азия өнүктүрүү банкы аркылуу 10 мектептин химия, биология, физика кабинеттерин заманбап лабораториялык (электрондук) жабдуулар менен камтуу боюнча иштери башталды», — деп белгиледи ал.