Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан» партиясынын документин артка кайтаруу чечимин кабыл алды. Бул чечимге БШКнын сегиз мүчөсү макул, бирөө каршы добуш берди.

Бүгүн жумушчу топ Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) «Кыргызстан» партиясынын тапшырган документин кайра артка кайтарууну сунуштаган. Жумушчу топтун мүчөсү Абдыжапар Бекматов документти «Кыргызстандын» ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка жаран алып келгендиктен ушундай чечим кабыл алынганын билдирген.

Себеби мыйзамда көрсөтүлгөн нормалар сакталган эмес. Аталган партиянын өкүлү Элвира Абелдинова жагдайды өзү кечээ алсырап, дене табы көтөрүлүп ооруп калганы менен түшүндүрдү.