«Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүсү жана демөөрчүсү Шаршенбек Абдыкеримов менен партиянын лидери Канат Исаев экөөнүн ортосунда тиреш эки жылдан ашып калган. Ошол тиреш так парламенттик шайлоо алдында, ачык айтканда Борбордук Шайлоо Комиссиясына каттоодон өтөр астында ачыкка чыкты. Жаракка бириккис болуп кетти.

«Кыргызстан» партиясынын тизмесин түзүүдө 50:50 болуп экөө түзгөнгө мындан эки жума мурун кол алышып, Шаки 3 миллион доллар шайлоо өнөктүгүнө чыгармак болот. Бул жерде башка күчтөр тарабынан да тизмеге талапкерлер сунушталып, ага Канат Исаев көзөмөл жүргүзө баштайт. «Ак уй сунуштады» деп Шакини тизме түзүүгө аралаштырбай Исаев ич ара партия ичинде интрига баштап жиберет.

Натыйжада Шаки да өз алдынча тизме түзүүгө жетишет. Талаш ушул жерден чыгат. Шаршенбек Абдыкеримовдо бир тизме, Канат Исаевде бир тизме болуп, тиреш күчөп баштайт. Дал ошол себептерден тизмедеги талапкерлер өз ордуларын билбей, биринин талапкерлерин бири арка жылдыруу өнөктүгү башталат. Ошентип, опоң-чычаң ойноп жатышып, БШКга тизме кечигип келет.

«Кыргызстандын» БШКдагы өкүлү Шаршенбек Абдыкеримовдун кишиси болот. Тизмени ошол жеткирерде, андан озунуп, бирок кечигип Канат Исаевдин ишенимдүү өнөгүнө айланган экс-министр, жаңы эле партияга кошулган «Улуу Журт» партиясынын негиздөөчүсү Аргынбек Малабаевдин балдарынан БШКга талапкерлердин тизмесин бердиртет. БШКга ишенимдүү өкүл келбей калганынын себеби дал ушунда.

Ал эми тизмени БШКга алып келе жаткандарга улам-улам жолдон телефон чалуулар болуп, орто жолдо чайналып калып кечигип калышат. Маселенин чоо жайы ушундай. Ал ортодо Канат Исаев бийликке, башка саясатчыларга «Шакинин айынан шайлоодон четтетилгени жатабыз» деп жамандап баштаганын эшиттик.

(Өздүк булак)