“Кыргызстан” саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу чыгарган чечимге макул эмес жана бул талаштуу маселе боюнча сотко кайрылат. Бул тууралуу партия тараткан маалыматта айтылат.

Партия лидери Канатбек Исаев бардык документтер өз убагында тапшырылгандыгын айтып, техникалык мүчүлүштүктөр аркылуу БШК шайлоочулардын тандоо укугун чектеп жаткандыгын белгилейт.

БШК мындай мүчүлүштүктөр элдин тандоосуна эч кандай таасир этпей тургандыгын эске алышы керек болчу. Биз БШКнын чечимине макул эмеспиз. Расмий чечим колубузга тиери менен сотко кайрылбыз. Сот биздин пайдабызга чечим чыгарарына ишенебиз. Буюрса жүз миңдеген шайлоочуларыбыздын колдоосу аркылуу парламенттик шайлоого катышабыз”, – деди Исаев.

“Кыргызстан” саясий партиясы бардык шайлоо процесстеринде ар кандай мүчүлүштүктөрдүн болуп келгени мыйзам ченемдүү көрүнүш экендигин дагы бир жолу баса белгилейт.

Ал эми башка партиялардын бул көрүнүштөн саясат жасап жатканы туура эмес. Биздин партия шайлоого аттанган бардык партияларды элдин добушуна ээ болуу үчүн ачык күрөшүүгө чакырат.