Легандарлуу «Кыз Бурак» тобунун көркөм жетекчиси Гүлшайыр Садыбкасованын уулу Эркин каза болду. Бул тууралуу анын сахналаш жакындары билдирди.

Маркумдун бир тууган эжеси, ырчы Сайкал Садыбакасова дагы Инстаграм баракчасына кара фондогу сүрөттү жуктөдү. Катталуучулары жалгыз иниси каза болгондугуна байланыштуу ага сабыр тилеп, көңүл айтуу катын жазышууда.

Ырчынын жакындарынын айтымында, Эркин 4 тилде эркин сүйлөп, өтө акылдуу билимге умтулган жигит эле деп эскеришет. Азырынча эмнеден көз жумганы туурасында эч нерсе айтыла элек.

«Кадам Медиа» порталы ырчынын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.