Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасованын уулу Эркин Садыбакасов кечээ түнү жүрөк оорусунан улам каза болду. Маалыматты SUPER.KG порталына ырчы Сайкал Садыбакасова тастыктады.

«Иним кечээ түнү Бишкектеги үйдөн жүрөгүм ооруп жатат деп калды. «Тез жардам» кызматын чакыртып, ооруканага алып бардык. Көп өтпөй эле көз жумду. Жүрөгү кичине ооручу окшойт. Бирок астма оорусу менен жабыркап келген. Эркин 19 жашта эле, Эл аралык мамилелер академиясында окучу», — деди ал.