Май айында дүйнөдөгү эң жаш миллиардер деген макамынан ажыратылган, ТВ жылдызы Ким Кардашяндын сиңдиси, ишкер Кайли Женнер баасы жүз миңдеген долларды чапчыган костюму менен коомчулуктун көңүлүн бурду. Бул тууралуу New York Post жазып чыкты.
Журналисттер 23 жаштагы селкинин социалдык тармактарга жарыялаган сүрөтүнө көңүл бурушкан. Ал Батыш Голливуддагы Delila ресторанында ак костюм менен түшкөн.
Басылманын маалыматы боюнча, Кайли 400 долларга бааланган Bottega Veneta брендине таандык колго
токулган ич кийим. 285 доллар турган спорттук шым. 285 долларга бааланган
ошол эле бренддин үстүнкү кастюмун, худи 297
доллар, жана бийик такалуу 1530 долларлык туфли кийген.
Дженнер сырткы көрүнүшүн кымбат зергер буюмдары менен толуктап: баасы 16,675 доллар турган Ruby Stella бриллиант шурусун жана 530 долларлык Bottega Venetа сөйкөлөрүн тагынган.