Кыргызстанда инфляция көрсөткүчү жогорку чекке, 8,6 пайызга чейин жетип, инфляциянын жылдык көрсөткүчү 2020-жылдын 14-августуна карата 4,9 пайызга чейин төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

«Азыркы учурда баалардын өсүшү бир аз басаңдаганын байкап жатабыз. Чектөө чараларын киргизүүдөн улам, калктын биринчи кезекте керектелүүчү товарларга болгон шашылыш сатып алуу суроо-талабына байланыштуу апрель айында байкалган инфляция көрсөткүчү жогорку чекке, 8,6 пайызга чейин жетип, инфляциянын жылдык көрсөткүчү 2020-жылдын 14-августуна карата 4,9 пайызга чейин төмөндөгөн», — деди Абдугулов.

Абдыгуловдун айтымында, Улуттук банк 2020-жылдын акырына карата инфляциянын орточо мааниси акча-кредит саясатынын орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчтөрүнүн алкагында 5-7% чегинде орун алат деп күтүүдө.