Өлкө боюнча жума намаздарын санитардык талаптарды сактоо менен мечиттерде окууга уруксат берилди. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлады.

Жума намаздарын мечитте окууга келгендер төмөнкү талаптарды сактоо тийиш:

— Беткап тагынуу;

— Адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты сактоо;

— Кол алышпоо, кучакташып көрүшпөө;

— Даарат алуу жана сүннөт намаздарын үйдөн окуп келүү.

Мечиттин айланасын дезинфекциялоочу каражаттар жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү талап кылынат.

Сунуштар:

— Балдарга, карыяларга, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандарга мечитке келбөө сунушталат.

— Мечиттен 15-20 мүнөт аралыгында чыгып кетүү сунушталат.

— Жамаат намаздарын ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү сунушталат.

— Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү сунушталат.

Буга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабга кайрылып, жарандардан жума намазга уруксат берүү тууралуу өтүнүч түшүп жатканын билдирген.

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулуп, анын ордуна бешим намазын өз алдынча окууга уруксат берилген. Мындай чечимди 9-июлда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) Аалымдар кеңешинин чечиминин негизинде кабыл алган.

Буга чейин марттын этегинен баштап эки ай карантин учурунда жума намазга убактылуу тыюу салынган. Майдын аягында карантин эрежелери жумшаргандан кийин жума намазга уруксат берилген.