Казакстандын Түркистан облусунун аймагында жергиликтүү тургандар кыдырата тизилген пирамидага көзү түшүп, анын эмне себептен салынып жатканына таң калышууда. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Казгүрт аймагында курулган пирамида коомчулуктун талкуусуна жем таштады. Бийиктиги 3 метрге жеткен пирамида тибиндеги фугаралардан 4 даана салынган. Аны курган өзүн профессормун деп тааныштырган Бералы Артыкалиев болуп чыкты. Ал эмнеге муну салганын төмөнкүчө түшүндүрдү.

«Бул пирамиданынын адамдарга караганда энергетикасы 10 эсе күтүү. Байсаңыздар азыркы маалда коронавирус илдети менен ооругандар азайып жатат. Бул нерсе менин төртүнчү пирамиданы салып жатканы менен байланыштуу»,-деди ал.

Ал кошумчалагандай мындай кадамга барышынын дагы бир себеби Мухаммед пайгамбардан ага аян түшүптүр.

«Намаз окуп жатканымда мага аян келип түштү. «Даярсыңбы» деп айтты. Мен даярмын деп жооп бердим. Эгер Казүрт аймагында 7 пирамди салынбаса эл арасында оору күчөп, абал оорлошуп согуш болушу ыктымал. Ошого пирамида салууга мажбур болуудамын»,-деди профессор.

Пирамиданы куруу үчүн Артыкалиев кум, таш, цемент, суу жана аспид таштарын пайдаланып жатат.