Парламенттеги Кыргызстан социал-демократиялык фракциясынын жетекчиси, Бишкек шаарынын мурунку мэри Иса Өмүркулов “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен шайлоого барат. Бул тууралуу “Мекеним Кыргызстан” партиясынан билдиришти.

Иса Өмүркулов биздин партия менен бараткан талапкерлердин арасында бар. Тизмеде канчанчы экенин Борбордук шайлоо комиссиясында бардык документ текшерилгенден кийин белгилүү болот”, — деп айтылат маалыматта.

Иса Өмүркулов өзү шайлоого баратканын тастыктап бирок, кайсы партиядан экенин айткан эмес.